http://ktrk.kg/Азык-түлүк коопсуздугу маселеси Непалда талкууланды

Азык-түлүк коопсуздугу маселеси Непалда талкууланды

9 Дек 2019 , 16:29 995

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнө коомчулугун тынчсыздандырган азык-түлүк коопсуздугу маселеси Непалдын борбор шаары Катмандуда талкууланды. Ага Кыргызстандан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев баштаган делегация катышып келди. Иш-чарага дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн өкмөттүк жана бизнес-секторунун өкүлдөрү катышып, тармактагы көйгөйлөр боюнча пикир алмашышты. 

Глобалдык конференциянын уюштуруучулары мамлекеттик программа элдин сапаттуу тамак-аш азыктарын колдонуусуна шарт түзүп бере турганын айтышты. Белгилей кетсек, азык-түлүк коопсуздугу боюнча 2019-2023-жылдарга карата приоритеттүү багыт катары атамекендик өндүрүүчүлөргө түрткү берүү, сырткы соода-сатыкта айыл чарба товарларына мониторинг жүргүзүү экендиги айтылган.

Новости по дате