http://ktrk.kg/Соттор эң башкысы сот адилеттигин ишке ашырууга милдеттүү

Соттор эң башкысы сот адилеттигин ишке ашырууга милдеттүү

9 Дек 2019 , 22:02 334

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл аягына чейин бардык сот залдары видео камера жана үн жазуучу аудио жабдуулар менен толук жабдылат. Бул соттук укуктук реформанын алкагында жүрүп жаткан көлөмдүү жумуштун бир бөлүгү. Учурда мындай жабдуулар 80ден ашуун соттук отурум өтүүчү жайларда орнотулуп, ар бир отурум аудио жана видео тасмага түшүрүлүп сот акыйкаттыгы камсыздалууда. Ошол эле учурда сот системасын санариптештирүү багытында да иштер жигердүү жүрүүдө.

Бул максатта соңку жылдары соттук-укуктук реформанын алкагында жасалып жаткан көлөмдүү иштер арбын. Ал жумуштардын сап башындагысы сот тутумун санариптештирүү. Соттун адилеттигин, ачыктыгын жана коррупцияга аралашпай кынтыксыз иш алып баруусу үчүн сот залдары аудио-видео камералар менен жабдылууда. Бүгүнкү күндө 86 сот залы аудио жана видео жаздыруу менен камсыздалса жыл аягына чейин бардык сот залдары толук камсыздалат.


Новости по дате