http://ktrk.kg/ "Электрондук нотариат" маалыматтык тутуму ишке кирди

"Электрондук нотариат" маалыматтык тутуму ишке кирди

10 Дек 2019 , 11:57 972

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Юстиция министрлигинин Бишкек шаарынын аймагында пилоттук тартипте иштеп жаткан "Электрондук нотариат" маалыматтык тутумунун иши менен таанышты. Юстиция министри Марат Жаманкуловдун айтымында, "Электрондук нотариус" маалыматтык системасынын жардамы аркылуу нотариустардын бардык нотариалдык иш-аракеттери электрондук түрдө жүргүзүлүүсүнө жана документтердин жасалмалуулугун саналуу секунддардын ичинде аныктоого мүмкүн болот. 

""Электрондук нотариат" маалымат тутуму барынан биринчи адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган", - деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр өлкөнүн бардык аймактарындагы нотариустардын "Электрондук нотариат" маалымат системасына кошулуусун камсыз кылуу үчүн ушул жылдын аягына чейин жабдууларды алып, кызматкерлерге тутум менен иштөө жеткиликтүү болуш үчүн окуудан өткөрүү тапшырмасын берди.

Новости по дате