http://ktrk.kg/Бүгүн соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйыны өттү

Бүгүн соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйыны өттү

10 Дек 2019 , 23:46 302

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен бүгүн президенттин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйыны өттү. Күн тартибине эки маселе коюлган.


2019-жылдан тарта ишке киргизилген жаңы кодекстердин жана мыйзамдарды колдонуунун жүрүшү, экинчи маселе жаңы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган. Жыйында сот системасындагы өзгөрүүлөр, жаңы институттардын натыйжалуулугу, санариптештирүү судьялардын ишине кандай таасир эткени талкууланып, ошол эле учурда реформаны жүзөгө ашыруудагы бир катар кемчиликтер белгиленди. 

Сот-укуктук реформасы бардык сот органдарына, ошондой эле укук коргоо жана көзөмөл органдарынын ар бирине тиешелүү. Андыктан бүгүнкү жыйындын катышуучулары бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, сот реформасына маниторинг жүргүзгөн эксперттер, эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттик кеңештин мүчөлөрү. 


2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы ишке киргизилген беш кодекс сот тармагындагы реформалардын башаты болуп, анын алкагында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, тергөө судьясы, пробация институту иштей баштаган. Эми бир жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу мезгили келип отурат.

Акыркы эки жыл ичинде соттук реформа боюнча кеңештин эки жыйыны өттү. Анда сот системасын реформалоонун жаңы долбоору, мыйзамдык базаны өркүндөтүү жана жаңы кодекстерди колдонууга киргизүү маселеси талкууланды. Президент тарабынан сот реформасын жүргүзүүдөгү тапшырма милдеттердин бардыгы белгиленген.


Новости по дате