http://ktrk.kg/Бажы көзөмөлүндөгү жеңилдетүүлөр

Бажы көзөмөлүндөгү жеңилдетүүлөр

10 Дек 2019 , 20:21 337

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бажы көзөмөлдөрүн жеңилдетүү аракетинде тармакты санариптештирүү учур талабы. Бул жаатта аткарылып жаткан иштер да арбын. Маселен, Нарын бажысынын Торугарт өткөрмө пунктунда унаадагы жүктү текшерүүчү заманбап рентген аппараты ишке кирген. Автоматташтырылган маалыматтык тутум иштеп жатат. Өлкө аймагындагы бажы өткөрмө жайларына жалпысынынан 472 видео көзөмөл каражаттары орнотулду.


Кубанычбек Мамакеев 10 жылдан ашык убакыттан бери ишкерлик кылат. Анын милдети Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан жүктү каттап, кагаз иштерин бүтүрүү. Өлкө аймагына учак аркылуу кирген да, чыккан да жүк Манас аба жайындагы бажы көзөмөлүнөн өтүүсү шарт. Ишкер, мурда бул процесс дээрлик 1 күнгө чейин созулганын айтса, азыр бир топ эле жеңилдик жаралганын белгилейт.


Өлкө аймагына кирип келе жаткан жүктү, унааны текшерүү, катттоо жана башка ушул сындуу кагаз иштеринин көбү санарип ыкмага өтүп жатат. Аны менен бирге автоматташтырылган маалыматтык тутум иштөөдө. Ал эми ЕАЭБдин талаптарына ылайык үчүнчү өлкөлөрдөн келген жүк тыкыр көзөмөлдөн өтүүсү зарыл. Бешилтикке мүчө өлкөлөр ортосунда болсо товар жүгүртүү эркин, бажы көзөмөлдөрү алынып салынган.


ЕАЭБдин бажы аймагына автомобилдик транспорт аркылуу ташылып келген жүк Бажы кызматынын маалыматтык базасына алдын ала киргизилет. Андыктан Бажы кызматкерлери келе жаткан жүктөн кабардар болушат. Жүк чек арага келгенде гана тиешелүү кагаздарын текшерип, базадагы маалыматка салыштырып, жүктү каттап гана беришет. Азыркы учурда Нарын бажысынын Торугарт өткөрмө пунктуна унаадагы жүктү рентген аркылуу текшерүүчү заманбап жабдык орнотулган.


Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы бардык бажы өткөрмө пункттарын санарип жабдыктар менен камсыздоо, онлайн видео көзөмөл каражаттарынын санын арттыруу аракети көрүлүүдө. Бажы кызматында борборлоштурулган маалыматтык система иштеп жатат. “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрмө пункттарындагы видео көзөмөл “Түндүк” тутумуна кошулган.


Новости по дате