http://ktrk.kg/Бишкектеги абаны булгануудан сактоо максатында атайын программалар кабыл алынды

Бишкектеги абаны булгануудан сактоо максатында атайын программалар кабыл алынды

10 Дек 2019 , 23:42 688

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги абаны булгануудан сактоо максатында 33 иш-чарадан турган мекемелер аралык программа кабыл алынды. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалым болгондой, суук түшкөндө абага көтөрүлгөн зыяндуу заттардын көлөмү өсүп, ден соолукка терс таасирин тийгизет. Бирок экологдор бул убактылуу көрүнүш экенин, тынчсызданууга негиз жоктугун белгилешти.


Бул аптада аба ырайы 10 градустан жогору көтөрүлүп, шаардыктарды кара түтүн кыйнаган жок. Синоптиктердин айтымында кара түтүн күн сууктаганда күчөй баштайт. Адистердин иликтөөсүндө 29-ноябрь күнү Бишкектин айрым жерлеринде абага көтөрүлгөн зыяндуу заттардын көлөмү 7 эсеге ашып кеткен. Бирок бул көпкө созулган жок.


Бишкектеги кара түтүн көйгөйүн чечүү бир мекеменин колунан келбейт. Ага жалпы мамлекеттик кызматтардын биргелешкен иш аракети талап кылынат. Азыркы кезде турак жайды альтернативдүү отун менен жылытуу жолдору каралууда.


Мындан тышкары, Бишкектин жаңы конуштарына газ киргизилип, турак жайды көгүлтүр отун менен жылытуу - экологиялык жактан пайдалуу экени аныкталган.


Новости по дате