http://ktrk.kg/Боснияда абанын булгангандыгы жогорку көрсөткүчкө жетти

Боснияда абанын булгангандыгы жогорку көрсөткүчкө жетти

11 Дек 2019 , 9:57 832

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Абанын булгангандыгына байланыштуу Босниянын өкмөтү жергиликтүүлөрдү сыртка чыкпоого чакырды. Өзгөчө Сараево, Зенице шаарларында абанын булгангандыгы бүгүнкү күндө жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп жатат. Жүрүзүлгөн мониторингге ылайык, Сараеводо абанын булгангандыгы 383 куб метр микрограммга жеткен. 

Демейдеги көрсөткүч 50 куб метр микрограммды көрсөтүшү керек. Ден соолукту сактоо үчүн аба булганган шаарлардагы өкмөт өкүлдөрү боюнда бар аялдарды, жашы улгайган адамдарды, жаш балдарды жана жүрөк, кан-тамыр өнөкөт оорулары бар жарандарды сыртка чыкпай, үйлөрундө болуусун суранды.

Босния мамлекетинде абанын булгангандыгынын негизги себеби - унаалардан чыккан газ, көмүр менен иштеген электростанциялар жана өнөр жай ишканаларынан чыккан калдыктардын көптүгү болуп саналат. Өлкөдөгү экономиканын абалы кескин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу жашоочулар электр жарыгынын, табигый газдын жетишсиздигинен улам жылытуу үчүн сапатсыз отундарды жана көмүр колдонуп келишет.

Новости по дате