http://ktrk.kg/Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч түзүмдөрүнүн биргелешкен аракети

Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч түзүмдөрүнүн биргелешкен аракети

11 Дек 2019 , 22:46 454

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эл аралык эксперт аналитиктер Борбор Азия чөлкөмүн, анын ичинде Фергана өрөөнүн чыр-чатактар, ич ара кагылушуулар мүмкүнчүлүгү көп аймак катары белгилешет. Серепчилердин пикиринде, мунун себеби калктын жыш жайгашуусу, жердин жана суунун тартыштыгы, уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү жана маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу. Аны менен бирге очогу Ооганстанда жайгашкан экстремизм жана терроризм коркунучу да турат.
Анткен менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч түзүмдөрүнүн биргелешкен аракетинин натыйжасында аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар. Кылмыштуу топтордун, деструктивдүү уюмдардын аракетине бөгөт коюлуда. Маселен, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ички иштер министрликтери кылымышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду издөөдө, экстремизм жана террорго, мыйзамсыз миграцияга, адам соодасына каршы күрөшүүдө биргелешип аракет кылышат.

Борбор Азия өлкөлөрү бир нече эл аралык уюмдардын, бирикмелердин жана шериктештиктердин алкагында кызматташат. Өрөөндөгү өлкөлөр маданий-гуманитардык, соода-экономикалык, аскерий жана коопсуздук тармактарында кызматташтыкты өз ара жолго коюшкан. Өзгөчө белгилей кетсек, уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, экстремизм жана террорго каршы биргелешкен күрөш жүрүп келет. Аймактагы мамлекеттер өз ара интеграцияга барууда ар дайым орток пикирде.



Новости по дате