http://ktrk.kg/«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу маселеси талкууланды

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу маселеси талкууланды

11 Дек 2019 , 21:58 488

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда өткөн жыйында "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы тиешелүү мекемелерге долбоордун кийинки этабын сапаттуу аткарууну камсыз кылуу боюнча бардык иш-чараларды тездетүү тапшырмасын берди. Андан тышкары ИИМге Ош шаарында мониторинг борборун ачуу, патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча жумуштарды тездетүү, унаалардын жасалма номурларын даярдоо жана колдонуу фактыларына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу милдети жүктөлдү.

«Коопсуз шаар» долбоору жол кыймылынын катышуучуларынын маданиятын көтөрүүнү шарттады. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда өткөн жыйында билдирди.
Иш-чарада «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды.
«Акыркы эки жылда республикада мамлекеттик кызматтарды жана процесстерди санариптештирүү саясаты жүрүүдө, санариптик технологияларды ишке киргизүү боюнча жумуштар аткарылып жатканын билдирди. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонуу үчүн мамлекеттик башкарууда, бизнесте, коомдо, социалдык чөйрөдө жаңыланууларга жөндөмдүү жана аны кабыл алууга даяр жаңы чөйрөнү түзүү керек. Эки жылдан бери республикада санариптештирүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Өкмөттүн алдына чоң милдеттер коюлган»

Премьер-министр коопсуздук жаатында жакшы натыйжаларга жетишүүдө санариптешүүнүн пайдасын белгиледи. Мындан тышкары, «Коопсуз шаар» долбоорунун 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 калааны, 73 калктуу пунктту камтый турган негизги этабын ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатканын айтты.


Новости по дате