http://ktrk.kg/CASA-1000 долбоорунун курулушу 2020-жылы башталат

CASA-1000 долбоорунун курулушу 2020-жылы башталат

12 Дек 2019 , 10:48 7023

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу 2020-жылдын апрель айында башталатБул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынан билдиришти. Маалыматка ылайык 5-декабрь күнү CASA-1000 долбоорунун жергиликтүү коомчулуктарын каржылоо тууралуу насыя макулдашуусу ратификацияланган. 

"Долбоорду ишке ашыруу үчүн "Датка"(Кыргызстан) көмөк чордонунан "Сугд" (Тажикстан) көмөк чордонуначейин узундугу 477 чакырым 500 кВт электр линияларын курууга туура келет. Алардын 450 чакырым Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөөрү белгилүү болду. Долбоордун алкагында курулуш иштери жүрө турган аймактарда такталып бүттү.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.


Новости по дате