http://ktrk.kg/Россиялык ырчы Алёна Высотская Бишкекте кайрымдуулук концертин берди

Россиялык ырчы Алёна Высотская Бишкекте кайрымдуулук концертин берди

12 Дек 2019 , 14:48 327

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россиялык ырчы Алёна Высотская Бишкекте кайрымдуулук концертин берди. Андан түшкөн каражат мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилет. Ал КМШ айдыңында “Чырайлуу болуп төрөлбө” атылышы менен белгилүү болгон көп сериялуу тасмасын музыкалык жактан коштогон. 

Мындан тышкары, “Беш жылдыз” фестивалынын жеңүүчүсү. Ал эми кыска тасмалардын фестивалына катышуу үчүн келген россиялык кинорежиссер Григорий Нахапетов Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Күндөр жана кылымдар” аттуу документалдык тасмасын тартуулайт. Фестиваль 12-декабрда “Манас” кинотеатрында өтөт.

"Мен Бишкекте буга чейин болгом. Кайрымдуулук концертин өткөрүү тууралуу Ассолдон сунуш түшкөндө, шыр эле макул болдум. Анткени, мен кайрымдуулук жасаганды жакшы көрөм, аны уюштурган адамдардын да эмгегин сыйлам. Коом жардамга, көңүлгө муктаж адамдарды, алардын үй-бүлөлөрүнө карамдуу болуш керек деген ойдомун",- деп билдирди россиялык ырчы Алёна Высотская.

"Бул жолу мен коомдун аярлуу катмарына майрамдык маанай тартуулоону чечтим. Бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери, туугандары, орто жашаган үй-бүлөлөр. Ошондуктан билеттин баасы кымбат эмес, баары сатылып кетти, бош орундар жок",- дейт коомдук ишмер Ассоль Молдокматова. 

Новости по дате