http://ktrk.kg/ЖК Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун жактырды

ЖК Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун жактырды

13 Дек 2019 , 9:36 1889

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Депутаттар Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусунан кийин тиешелүү күч түзүмдөрү адилеттүү, калыс чечим чыгаруу зарылдыгын билдиришти. Талкуу кызуу жүрүп, эл өкүлдөрү комиссиянын кээ бир сунушуна макул болбой, айрым учулар толук камтылбай калгандыгына нааразылыгын артышты. Комиссия өкүлдөрү корутунду кылдат иликтөө иштеринен кийин даярдалгандыгын, азырынча көпчүлүк маалыматтар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбай тургандыгын белгилеп  өттү. 

7-8-август күнү Кой-Таштагы кырдаалды жөнгө салган  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички  иштер министрлигинен билдиришкендей, ошол кезде коомчулукка жеткен маалыматтардын бардыгы эле чындыкка дал келе бербейт. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин иш аракети мыйзам чегинде жүргүзүлдү. 

Кененирээк аудиодон укса  болот.

Гүлжан Каражанова,  "Биринчи радио"



Новости по дате