http://ktrk.kg/ Турусбеков көчөсүндөгү 1 жылдан бери оңдолбой турган жол

Турусбеков көчөсүндөгү 1 жылдан бери оңдолбой турган жол

13 Дек 2019 , 18:06 171

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрүн 2018-жылдын май айларында алмаштырышкан, ушул күнгө чейин бүтпөй турат. Былтыр ноябрь айында суук түшүп кетип, асфальттаганга жетишпей калышкан. Эми ушул жылдын ноябрь айында жолго шагылды таштап кетишкен, үйүлгөн бойдон турат. Жолдон унаалар өтө албай убара. Тазалык ишканасынын унаасы кире албай, тротуар менен жүрүп жатат. Жок деген шагылды чачып, түздөп койсо болмок. Бир жылдан бери бүтпөй койду,- деп нараазы болгон автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате