http://ktrk.kg/Кыргызстандыктар өз тарыхын билүүсү зарыл

Кыргызстандыктар өз тарыхын билүүсү зарыл

11 Янв 2016 , 5:22 2857

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. Ааламдашуу процессинин алкагында, ар бир мамлекет өз тарыхын, маданият жана тилин сактап калууга үзгүлтүксүз аракеттерди көрүп жаткан чакта, Президенттин мындай жарлыгы баалуу  экендигин  коомчулук, асыресе бул тармактын адистери белгилеп,  жоопкерчилик менен  кабыл алышты. Ошондой эле Жарлыкта Кыргыз жаранынын бейнесин түзүү тапшырмасы коюулган.

“2016- жыл Тарых жана маданият жылы – андыктан  эң оболу жарандарыбызга кыргызстандын тарыхын,  окутуп- үйрөнүп гана тим болбостон мамлекеттин тарыхына кызыгып, аны  сүйүүгө болгон көз карашын  өнүктүрүшүбүз керек”- деп белгилейт тарыхчы Кыяз Молдокасымов.

Жарлыкта көрсөтүлгөндөй кыргызстандыктардын жүрүм-турум модели катары универсалдуу демократиялык дөөлөттөр менен кыргыз элинин кайталангыс маданиятын айкалыштырган “кыргыз жараны” образын билим берүү, маданият, искусство, спорт, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу тапшырмасы коюулган.

Кыргызстандагы архиологиялык табылгаларды коммерциялык максаттарда пайдаланып, өлкөнүн аймагынан алып чыгып кеткен фактылар да болгондугун айткан тарых илимдеринин доктору Анварбек Мокеев бул маселе менен катар профессинал тарыхчылар  башкача айтканда байыркы тилдерди окуп билген адистерге болгон муктаждык бар экендигин белгилейт.

Кыргызстандын тарыхын жазууда буга чейин чар жайыттык өкүм сүрүп келгендигин  кошумчалаган Анварбек Мокеев “ тарых жана маданият” жылы биримдик менен илимий макалалар,монографиялар, академиялык басылмалар жарык көрөт деген пикирде.

Ошентип 2016-Тарых жана маданият жылы. Бир гана бул тармактын эмес. Бүтүндөй Кыргызстандын жарандарынын жапа тырмак колдоосу астында  экономикалык туруктуулукту , руханий кайра жаралууну камсыз кылып,  мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө өбөлгө болоорун белгилешет адистер.                               

Новости по дате