http://ktrk.kg/Египетте Казакстан элчилигинин кызматкери каза болду

Египетте Казакстан элчилигинин кызматкери каза болду

18 Дек 2019 , 11:43 1074

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Каирде Казакстандын Египеттеги элчилигинин кызматкери Еламан Жолдасов каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлашты.

Маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ырастады.

— Учурда Египет прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Буга байланыштуу тергөөнүн жыйынтыгы боюнча расмий версия жарыяланганга чейин окуя тууралуу түрдүү жоромолдорду айтпай турууга чакырабыз. ТИМдин өкүлү тергөө иштерине катышуу үчүн Египетке жөнөтүлдү, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Tengrinews.kz сайты Елеман Жолдасовдун карындашына шилтеме кылып, дипломаттын сөөгү 13-декабрда үйүнүн кире беришинде табылганын кабарлады.

Новости по дате