http://ktrk.kg/ Кыргызстандагы сөз экриндигинин абалы кандай?

Кыргызстандагы сөз экриндигинин абалы кандай?

18 Дек 2019 , 21:26 275

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Борбордук Ала-Тоо аянтында тынчтык акциясы өтүп. Чогулгандар “Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн” деген ураан алдында биригишти. Биздин кабарчылар бул теманы улай өлкөдөгү сөз экриндигинин абалына саресеп салып, эксперттердин пикирин укту.

Аянтка чогулгандардын талабын улай өлкөдөгү сөз эркиндигине токтоло турган болсок «Чек арасыз кабарчылар» аттуу эл аралык уюмдун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 83-катарга жайгашкан. Мындай жыйынтык ушул жылдын апрель айында жарыяланган. Ал эми 2018-жылдагы басма сөз эркиндиги боюнча изилдөөдө Кыргызстан 98-орунга жайгашкан болсо, быйылкы изилдөөдө 180 өлкөнүн арасынан 83-катарга илинген. Ушул жылдын башында жарыяланган изилдөө өлкөдөгү сөз эркиндигинин жакшырганын көрсөтүп турат. Ал эми 2016-жылы биздин өлкө ушул эле тизмеде 85-катарда болсо, 2017-жылда 89-орунга жайгашкан. Изилдөөлөр көрсөткөндөй 2017-жылда Кыргызстан сөз эркиндиги индексинде бир нече тепкич артта болгон. Буга себеп мурдагы жетекчилердин маалымат каражаттарына карата доо арыздары, маалымат мекемелери менен соттошуулары себеп болгон. ЖМК тууралуу Мыйзам актылары да өлкө башчылардын ММКларга карата сотко даттануусуна уруксат берген. 2003-жылы кабыл алынган мыйзамда башкы прокурор Президенттин атынан ММКга карата арыз бере алат. Бирок азыркы президент келгенден тарта мыйзамга өзгөртүү киргизилген.



Новости по дате