http://ktrk.kg/“Көк-Бел” ашуусунда тыгын жоюлуп, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө

“Көк-Бел” ашуусунда тыгын жоюлуп, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө

19 Дек 2019 , 17:27 537

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Көк-Бел” ашуусунда унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди. Бир катар айдоочулар Бишкек-Ош жолунун Көк-Бел ашуусунда автотыгын жаралганын, жол тайгак болгондугуна карабай тиешелүү кызматтардын адамдары жеринде иш алып барбаганын айтышкан. Мекеме жол тазалоо иштери өз учурунда жүргүзүлгөнүн, кыска убакытка гана автотыгын болгонун белгиледи. 

“Автотыгын жаралыптыр дегенди угуп биздин ДЕУнун башчысы дароо барган. Ал жерде кум чачуу иштери жүргөн эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт. Автотыгынга кардын катуу жаашы себеп болгон. Бирок кызматкерлердин тиешелүү иштерди жүргүзгөнүнөн улам, көйгөй эки саатка жетпей жоюлган”,-деди Транспорт жана жолдор министрлигинин башкы адиси Нургазы Бекиев. 

Новости по дате