http://ktrk.kg/Кыргызстандын энергетика тармагы түптөлүп, иштеп келе жатканына 85 жыл болду

Кыргызстандын энергетика тармагы түптөлүп, иштеп келе жатканына 85 жыл болду

19 Дек 2019 , 21:01 5673

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Андан бери өлкөнүн гидроэнергетикалык дарамети КМШда үчүнчү орунга жетип, бул тармак мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүнүн негизине айланды.



Эми адистер Бишкекте туруп өндүрүлгөн электр энергия кайда жумшалганын көзөмөлдөй алат. Өлкөдөгү санариптештирүү жараянынан артта калбай, бул тармакта да электрондук түрдө иш алып баруу колго алынган. Учурда 1 жарым миллион эл. энергия тейлеген жер серверге туташкан. Электр энергияны сатуу, бөлүштүрүү, жалпы өндүрүлгөн продукция ушул жерден өлчөнөт.

1934-жылы Кыргыз обкомунун бюросу Фрунзе шаардык электр тармактарын 6 Киловольттук чыңалууга өткөрүү, диспетчердик кызматты түзүү, Фрунзе энергосистемасын башкаруу боюнча орган уюштуруу жана түзүмүн бекитүү жөнүндө токтом кабыл алган. Андан бери өсүп-өнүгүп отуруп, азыркы күндө энергетика тутумун тейлеген ишкананын саны 9га жетип, башында Энергохолдинг турат. 


Учурда өлкөнүн энергетика тутумун 7 ири ГЭС, Ош жана Бишкек шаарындагы ЖЭБ, 18 кичи ГЭС, 24 миңден көп көмөк чордон жана 70 миң чакырымдан узун аралыкка жеткен аба чубалгылары түзөт. Соңку жылдары союздан калган мурастын бир далайы жаңыланып, жаңы курулгандары да бар. Жакынкы беш жылда дагы бир топ ири долбоорлор ишке ашмакчы.


Мааракенин урматына салтанаттуу иш-чара уюшулуп, энергетика жаатына салым кошкон кызматкерлер сыйланды. Алардын катарында ардагерлер дагы бар, тажрыйбалуу энергетиктер жаратылыш ресурсуна бай Кыргызстандын эл.энергия өндүрүүдө келечеги кең деген ишенимде.


Кыш кирип, электр энергияга болгон суроо-талап жогорулады. Энергетиктер суукка карата камылган көрүлгөн, жарык өчүрүлбөйт деп билдирди. Ал эми элдин муктаждыгын чечүү максатында энергетиктер күн-түн дебей иштеп келет. 




Новости по дате