http://ktrk.kg/Чаек айылынын кызмат көрсөтүү жайында электр кубаты начар

Чаек айылынын кызмат көрсөтүү жайында электр кубаты начар

20 Дек 2019 , 15:25 209

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жумгал районунун Чаек айылындагы тиричилик, кызмат көрсөтүү үйүндөгү электр жарыгынын абалына жергиликтүү ишкерлер нааразы. 

"Аталган кызмат көрсөтүү үйүндө үч айдан бери электрдин кубаттуулугу өтө начар, 150 вольттун тегерегиндеги кубаттулук менен электр жабдыктары начар иштеп, жеке ишкерлер иштей албай калышты. Мисалы, чач кырккычтар, бут кийим тигүүчү жабдыктар иштебей калды. Жеке ишкерлер иштей албай жатышса, кантип ижара акысын төлөйт белгисиз. РЭСке айтканыбызга алты айдын жүзү болду, эч кандай натыйжа жок",- деди Чаек айылынын тургуну. 


Новости по дате