http://ktrk.kg/Жол кырсыгынан аял каза болду

Жол кырсыгынан аял каза болду

26 Дек 2019 , 10:03 617

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында коомдук транспорттун айдоочусу аялды сүзүп, ал каза болду. 

Окуя 25-декабрдын таңында Байтик Баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда, жол четинде аял жөө баратып тайгаланып кулап түшкөн. Маршруттук таксинин айдоочусу байкабай аны коюп кеткен. 

Жабыркаган аял тез жардам келгиче каза болуп калган. 

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"

Новости по дате