http://ktrk.kg/​Чүй: Ново-Павловка айылында 500 орундуу жаңы окуу корпусу курулат

​Чүй: Ново-Павловка айылында 500 орундуу жаңы окуу корпусу курулат

26 Дек 2019 , 10:16 683

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусундагы Сокулук районунун Ново-Павловка айыл аймагындагы №2-орто мектеп-гимназиясына 500 орундуу жаңы окуу корпусу курулат. Жаңы мектеп курулушуна бирдиктүү депозит эсебинен 91 миллион сом которулду. 

Тендерден уткан курулуш компания 2020-жылдагы жаңы окуу жылына чейин имаратты толугу менен бүткөрүп, пайдаланууга бере тургандыктарын капсула салуу аземинде билдиришти. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио" 


Новости по дате