http://ktrk.kg/Жаңы жылда коомдук коопсуздукту камсыздоодо бардык чаралар көрүлөт

Жаңы жылда коомдук коопсуздукту камсыздоодо бардык чаралар көрүлөт

30 Дек 2019 , 10:42 294

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы жылды тосууга арналган майрамдык иш-чаларларды өткөрүү учурунда республика боюнча 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Буга байланыштуу бүгүн Ички иштер министрлигинин гарнизондук саптык кароосу өттү. Аталган министрликтин кызматкерлери жаңы жылда жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Ал эми Бишкек шаарында эки миңден ашуун тартип сакчылары коомдук жайларда шаар тургундардын жана калаага келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылышат.

"30-31-декабрда күчөтүлгөн режимде иштей баштайбыз. Майрам убагында коомдук тартипти сактоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жасалууда. Мындан улам, бул күндөрү өлкөдө 10 миң кызматкерибиз иштейт", - деди ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Санжарбек Ибраимов. 

Новости по дате