http://ktrk.kg/Мектептерде ысык тамак уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралууда

Мектептерде ысык тамак уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралууда

30 Дек 2019 , 14:08 494

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен башталгыч класстын гана эмес, жогорку класстын окуучуларына дагы ысык тамак уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Жаңы документке ылайык мектептерде ысык тамак берүү боюнча меню иштелип чыкты. Анда тамактарда канча грамм белок, витаминдер болушу керектиги каралды. 

Талапка ылайык, мектептеги ашпозчулар окутулуп сертификаттарды алышты. Кыргызстанда жалпысынан 2 миңден ашык мектеп бар, алардын 1371инде ысык тамак уюштурулган. Калган 35 пайыз мектептерине ысык тамак жеткиликтүү эмес. Бул көйгөй эки жыл аралыгында чечилет дешет адистер. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"


Новости по дате