http://ktrk.kg/КТРК кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

КТРК кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

31 Дек 2019 , 9:59 1346

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу,кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. 

Жарлыктын негизинде 3-даражадагы "Манас" ордени төрт, "Даңк" ордени бир, "Даңк" медалы менен 12 адамга ыйгарылды. Мамлекеттик жогорку сыйлык алгандардын катарында Коомдук каналдын кызматкерлери да бар. Атап айтсак, КТРКнын программалар дирекциясынын координациялык борборунун менеджери белгилүү журналист Байма Сутенова "Даңк" ордени менен сыйланса, "Баластан" телеканалынын продюсери Кундуз Аманова Президенттин Ардак грамотасына ээ болду.


Новости по дате