http://ktrk.kg/Сабырбек Жумабеков Нуржигитке акысыз операция жасайт

Сабырбек Жумабеков Нуржигитке акысыз операция жасайт

18 Май 2016 , 16:36 6620

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Ата районунун Эпкин айылынын алты жаштагы тургуну Нуржигиттин эки бутуна операция жасоо менен бастырууга болот.

Нуржигит башка балдардай топ тээп, чүкө атып, чуркап ойной албайт. Кенедейинен тагдырдын оор сыноосуна кабылган бала минтип таштекке отуруп, эки колуна тапичке кийип алып, көчөгө чыкканга аргасыз.

Нуржигиттин тагдыры көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Кичинекей мекендешибиздин басып кетүүсүнө жардам берүү ниетин билдиргендер көбөйдү. Азыркы тапта Нуржигиттин ата-энесине кайрымдуу адамдар жардам бере баштады. Жакында Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев майыптардын арабасын алып барып берди. Мындай кайрымдуу адамдардын кол сунганы, баласынын басып кетүүсүнөн үмүтү үзүлгөн ата-эненин үмүтүн кайра жандырды.

Нуржигит белгилүү врач-ортопед Сабырбек Жумабековдун текшерүүсүндө болду. Бир катар уникалдуу операцияларды жасап, ондогон адамдарга басып кетүү бактысын тартуулаган профессор Нуржигитти дагы бастырууга болоорун билдирди.

Нуржигит операция столуна бир нече жолу жатууга туура келет. Жумабековдун айтымында, баланын басып кетүүсү үчүн бери дегенге 2 жолу операция жасалат. Ал эми чыгымдарды, сатылып алына турган материалдарды профессор толугу менен өз мойнуна алаарын убадалады.

Нуржигиттин ден соолугун толук калыбына келтирүү үчүн бул операциялар жетишсиз. Ал заарасын дагы кармай албайт. Бул оорусун дарылатуу үчүн анын ата-энеси каражат топтоп жатат. Кичинекей Нуржигитке кайрымдуулук кылып, кол сунганга тилектеш адамдар экрандагы эсепке акча каражатын которсо болот.

“Кыргызстан коммерциялык банкы”
ИНН: 02712199110068
БИК: 103001








Новости по дате