http://ktrk.kg/Улут аралык ынтымак өлкөгө туруктуулукту орнотот

Улут аралык ынтымак өлкөгө туруктуулукту орнотот

19 Май 2016 , 3:17 14925

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттар аралык ынтымак бекем болсо, өлкөдө туруктуулук орнойт. Бул тууралуу, Кыргызстандагы этностордун достогун чыңдоого багытталган семинарда түрдүү улуттун өкүлдөрү билдирди. Эл биримдигин жана этностор аралык мамилени чыңдоо концепциясынын негизинде өткөрүлүп жаткан семинар эки күнгө уланмакчы. Отурумдан Мээрим Бакир кызы баяндайт.

Араван районунда 20дан ашуун улут жашайт. Мындагы эл баардык майрамды бирге өткөрүп, ынтымагы бекем. Район чек арада жайгашкандыктан Өзбекстан менен Тажикстандан келген жарандар жана жергиликтүүлөр коомдук кабылдамага көбүнчө документ иштери боюнча кайрылат.


Ал эми, Ала-Бука районунда жашаган элдин 60 пайызы кыргыздар болсо, калганы башка улуттун өкүлдөрү. Райондогу ынтымакты сактоо үчүн коомдук кабылдамалар жергиликтүү бийлик менен бирге түшүндүрүү иштерин өткөрүп турат.

Улуттар аралык келишпестикти болтурбоо жана достукту бекемдөө. Бул максаттагы семинар Бишкекте башталды. Көп улут отурукташкан Кыргызстандын 20 район жана шаарында коомдук кабылдама ачылган болчу. Окутуу иштери кабылдамалардын жооптуу катчылары үчүн жүргүзүлөт. Анда эл биримдиги жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө маселелери талкуулат. Адистердин белгилөөсүндө акыркы үч жылдан бери улуттар аралык араздашуунун саны кыскарган.

Кыргызстан 80ден ашуун улуттун өкүлүн кучагына батырган өлкө. Мен Кыргызстанда төрөлдүм, демек менин мекеним, менин желегим, менин гимним бар, эми өз жеримдин өнүгүшү үчүн салымымды кошушум керек деген сезим ар бир улуттун өкүлүндө болсо - ынтымак бекемделээрин тарыхчылар айтат.

Улут ынтымагын чыңдоо иштерин коомдук уюмдар жүргүзүп келген. 2013-жылы элдердин жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө боюнча атайын концепция кабыл алынган. Анын алкагында мамлекеттик мекемелер иш алып барууда. Эл да улуттар аралык маселе актуалдуу экенин түшүнүп калды.



Новости по дате