http://ktrk.kg/Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жабырлануучуга 450 миң сом кенемте төлөп берди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жабырлануучуга 450 миң сом кенемте төлөп берди

6 Янв , 21:07 417

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл соңунда катуу шамалдан жабыр тарткан Чоң-Алай, Алай райондорундагы 20 турак үйдүн 10нуна камсыздандыруу уюуму кенемте төлөп берет. Бул тууралуу бир ай мурун өрттөн жапа чеккен Кара-Суу районунун тургунуна сертификат тапшыруу аземинде маалым болду. Кырсыкка чейин үйүн камсыздандырган жаранга аталган уюм 450 миң сом кенемте төлөдү.

Кара-Суу районунун Озгур айылынын тургуну Мурзалиевдердин турак үйүн бир ай мурун өрт чалган. Муздаткычтан чыккан тилсиз жоо- эки кабаттуу үйдү ички эмерек, буюм-тайымдары менен күл астында калтырган. 

Муну күбөлөндүргөн сертификат майрамдык белек менен үй ээсине тапшырылды. 2019-жылы Мамлекеттик камсыздандыруу уюуму республика боюнча 88 миң турак үйдү камсыздандырууга тиркеген. Жыл ичинде, кырсыкка кабылган 101 үйдүн ээсине жалпы суммасы 30 млн. сом кенемте төлөнүп берилген. Камсыздандыруу уюумунун кароосунда учурда Оштун Чоң-Алай менен Алай райондорунун тургундарынын арыздары каралууда. Аталган аймактагы 20 үйдүн чатырын 20 күн мурун катталган катуу шамал учуруп кеткен. 

Мамлекет ар кандай табигый, жаратылыш кырсыктары катталган учурда ссуда же, материалдык жардам берүү өнөктүгүн 2016-жылдан тартып токтоткон. Мындайда, мамлекеттик камсыздандыруу уюуму гана жардамга келе алат. Ошондо да, эгерде сиз, өз турак жайыңызды камсыздандырган болсоңуз. Ар бир үйдү камсыздандыруу үчүн шаардыктар жылына 1200 сомдон, айыл жеринде 600 сомдон төлөөгө милдеттендирилген. Камсыздандыруу зарыл болгон учурда шаар аймагындагы үйлөргө бир миллион, ал эми айыл жериндегилерге 500 миң сомго чейин берилет.




Новости по дате