http://ktrk.kg/Шашылыш билдирүү! Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек менен Чүйгө туман түшөт

Шашылыш билдирүү! Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек менен Чүйгө туман түшөт

8 Янв , 10:07 546

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 8-январда жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында туман түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Тумандын натыйжасындагы көрүүнүн аралыгы 500 метрге чейин жетет. Сак болуңуздар! 

Ошондой эле күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.  Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.  Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваторисында 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

Новости по дате