http://ktrk.kg/Өлкөдө сасык тумоо боюнча абал туруктуу

Өлкөдө сасык тумоо боюнча абал туруктуу

10 Янв , 10:17 371

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 1-жумасында респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны 27,4 пайызга азайгандыгы байкалууда. Учурда сыркоологондордун көбү 14 жашка чейинки балдар болуп, алар 67 пайызды түзөт. Адистер сыркоологон адамдарды эл арасында жүрүүдөн алыс болууга чакырып, дарыгерге кайрылууну сунуштайт.

Новости по дате