http://ktrk.kg/Таластагы алтын өндүрүүчү фабрикада өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды

Таластагы алтын өндүрүүчү фабрикада өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды

10 Янв , 14:46 651

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас облусундагы кен комбинатынын алтын өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды. Башкы жалданма компания AAEngineering Group курулуш-монтаждоо иштеринин негизги көлөмүн, анын ичинде башкы конструкцияларды тургузуу, технологиялык жабдууларды орнотуу жана түтүктөрдү монтаждоону аяктады. Калдык сактоочу жайдын, баштапкы кен кампасы менен аянттар аралык жолдун жана башка инфраструктуралык объекттердин курулушу толук бүттү. Мында кен казуу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Учурда кампада тоннасына орточо 2 граммга чукул алтын камтылган 8 тоннадай кен топтолду.

«Жерүйдүн» өндүрүш тилкесинде 90% Кыргызстандын жарандарынан турган жалданма уюмдун жумушчуларын кошкондо 760 киши иштеп жатат. «Альянс Алтын» ишканасы жергиликтүү элдин - Талас облусунун тургундарынын арасынан сынактын негизинде тандалгандарды даярдоо жана аларды кесиптик жактан окутууну улантууда. Келечекте кенде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон 380 адам даярдоодон өттү. Кен иштетилип баштагандан бери Кыргызстандын бюджетине салык төлөмдөрүнүн түшүүсү көбөйүүдө. 2020-жылы салыктык чегерүүлөрдүн суммасы дээрлик 2 миллиард сомду түзөт. 2015-жылдан 2020-жылдын 1-январына чейин ишкана 611 млн 912 миң 278 сом өлчөмүндө салык төлөдү.

Новости по дате