http://ktrk.kg/2020-жыл - экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы

2020-жыл - экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы

14 Янв , 22:16 456

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2020-жыл - экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн, ошондой эле, социалдык тармакта келечектүү пландардын жылы болот. Быйыл мектепке чейинки билим берүү багытында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлор ишке ашырылат. 

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикага келген инвестициялардын көлөмү 580 млн долларды түзгөн. Импорттун көлөмү кыскарып, экспорт өстү. Ишкерчиликти колдоо максатында Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү. Бул өкмөттүн экономика, каржылоо тармагындагы ишинин жыйынтыгынын бир гана бөлүгү. Дагы эл аралык мамилелер, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү ийгиликтер бар.

Ал эми үстүбүздөгү жылы министрликтер менен ведомстволордун алдына көптөгөн милдеттер коюлган. Алардын көбү социалдык багытта. Бирок, экономикалык бөлүксүз социалдык маселелерди чечүү оңойго турбайт. Салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү таасирдүү кадамдардын бири болуп саналат.

Өкмөт башчы белгилегендей, өзгөчө калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, социалдык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө басым жасоо керек.

Ошондой эле Премьер-министр билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, региондорду өнүктүрүү, айыл чарбасы жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган каражаттарды туура бөлүштүрүү маселесине кайрылды.

Өкмөт башчынын айтуусунда, 2020-жыл финансылык тартиптин жылы болот. Быйыл парламенттик шайлоо, жалпы улуттук каттоо, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын белгилөө жана Токио шаарында биздин спортчулар катыша турган кезектеги Олимп оюндары сындуу маанилүү иш-чаралар болот. 



Новости по дате