http://ktrk.kg/Чек арадагы талаш - үчүнчү күчтөргө пайдалуубу?

Чек арадагы талаш - үчүнчү күчтөргө пайдалуубу?

19 Янв , 22:05 185

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Негизи келишпестиктер мамлекеттик чек ара тууралуу түшүнүк пайда болгону башталган. Артка кылчайсак, өткөн кылымдарда ар кыл мамлекеттер бир аймакты биз ачтык деп ат салышкан. Бирок чек араны юридикалык жактан бекитүү мамлекеттик институттардын түзүлүшү менен кошо жаралган. Ал эми, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара тилкелериндеги абалда алсак, чиеленген маселе көптөн бери чечилбей келе жатат. Кыргызстан башка коңшулары менен бул жааттагы маселесин чечип достук мамиледе. Ал эми тажик тарап менен жаатташуу салтка айланды. Ортодо бир катар жетишилген келишимдерге карабай, талаш-тартыш чыкса, эки тарап кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мажбур болот. Чыр-чатактын көбүнчө турмуш-тиричиликтен келип чыгат. Бирок ошол эле күндөлүк турмуштагы чырды чагымчыл күчтөр колдон чыгарбай отко май чачышы ыктымал.

Тилекке каршы дүйнөлүк практикада мындай кагылышуулар күчкө салуу жана аскер күчтөрүн тартуу аркылуу чечилип келет. Аны узак убакыттан бери жаңжал тутанып келе жаткан чек ара чырлары тастыктай алат. Ал ортодо Кыргызстан менен Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү жана уюмдун талаптарын аткарууга милдеттүү. Тагыраагы, кырдаалды курчутуп жиберүүдөн карманып, тынч жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чечсе болот. Азыр бийлик коңшу Тажикстан менен карым-катнашты бекемдеп, ошол эле учурда чек араны тактоо максатында, жолугушууларды уюштуруп, жыйын өткөрүп, телефон сүйлөшүүлөр жана башка аракеттер жасалууда.


Новости по дате