http://ktrk.kg/Активисттер балдардын интернет колдонуусунда айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштоодо

Активисттер балдардын интернет колдонуусунда айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштоодо

21 Янв , 23:28 267

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балдарды колдоо жылына карата Кыргызстандын жарандык активисттери "Балдардын ден соолугуна же өсүп-өнүгүшүнө зыян келтирген маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Алардын пикиринде, балдарга интернетти колдонууда айрым чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы бар. Долбоор Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүлгөн.

Дамира Курманбаеванын 9 небереси болсо, азыркы күндө анын колунда алтоо тарбияланат. Неберелеринин жаш курагы 5 жаштан 17 жашка чейин. Баары уюлдук телефон пайдаланышат. Айтымында, интернеттеги маалыматтарды тескөөнү көздөгөн мыйзам кабыл алынса, балдарды көзөмөлдөө жеңил болот эле дейт.

Мыйзам Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду. Эки жуманын ичинде мыйзамды 25 миңден ашуун жаран колдогон.

Бул мыйзам долбоордо чет өлкөдөгү тажрыйба да көрсөтүлүп, мисалдар келтирилген.

Долбоордун максатын калк арасында түшүндүрүү аракетинде жарандык активисттер региондордо да маалымат жыйындарын өткөрүшөт.


Новости по дате