http://ktrk.kg/Кайгуул милицияга кызматкерлерди алуу боюнча сынак аяктоодо

Кайгуул милицияга кызматкерлерди алуу боюнча сынак аяктоодо

22 Янв , 22:37 200

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кайгуул милицияга кызматкерлерди алуу боюнча жарыяланган сынактын төртүнчү этабына документтерди кабыл алуу саналуу күндөн кийин аяктайт. Бүгүнкү күндө 146 бош орун бар. Буга чейин үч ирет сынак өтүп, тандалып алынган 453 кызматкер борбор калаада коомдук тартипти сактоонун үстүндө иш алып барууда. 

Коомдук коопсуздукту камсыздоо тармагында эмгектенүүнү каалагандардын бири 20 жаштагы Темирлан Тургунбаев. Ал аскердик кызмат өтөп келип, жогорку окуу жайлардын биринен билим алууда. Күч кызматкери болууну кыялданган Темирлан, Кайгуул кызматы катарын толуктайт деген кабарды маалымат каражатынан билип, кандай документтер талап кылынаарын тактаганы келген.
атрулдук милицияга катардагы кызматтарга 19 жаштан 30 жашка чейинки жарандар, офицердик кызмат орун үчүн 35 жашка чейинки жарандар документ тапшырса болот. Андан тышкары эркектердин бою 170, аялдардыкы 165 сантиметрден кем болбошу керек. Өзүн күч кызматкеринин катарынан көргүсү келген адам кошунасынан мүнөздөмө, өзү жана жакындары соттолбогону тууралуу маалым кат алып келүүсү шарт. Документтери туура болсо, ары карай сынак, окуу, экзамендер башталат.  Учурда Бишкек шаарындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында жаңы түзүлгөн кызмат күнү-түнү күзөттө.

Былтыр 31-октябрдан тарта Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматы ишке кирген. Алгач бул долбоор эки жыл пилоттук негизде борбор калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин өлкө аймактарына жайылтылмакчы. Кызматкерлерди алуу боюнча төртүнчү баскычтагы сынак 25-январда аяктайт. 




Новости по дате