http://ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: "Чечимдер тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат"

Сооронбай Жээнбеков: "Чечимдер тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат"

24 Янв , 13:00 730

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатканын айтты. Мамлекет башчы айрым учурларда, чечимдерди аткарууда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле орун алып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, чечимдерди аткаруу үчүн ченемдик укуктук актылардын өзүнчө долбоорлорун иштеп чыгуу жана аны бекитүүнүн мөөнөтү мамлекеттик органдар тарабынан эч негизсиз создуктурулууда. Чечимдер кабыл алынгандан кийин иш солгундап, же такыр токтоп калган учурлар да бар.

Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерчиликтин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат. Ага 2019-жылдын аягында коррупцияга шектелип, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери кармалганын мисал катары келтирди. Мамлекет башчы кол алдындагы кызматкерлери коррупцияга же пара алууга аралашкан жетекчилер да өз жоопкерчилигин сезе билиши керек экенин баса белгиледи. Президент мындай жетекчилер Президентти, өкмөт башчысын, жалпы эле мамлекеттик бийликти жаман атка калтырып жатканын кошумчалады.

Новости по дате