http://ktrk.kg/Ухань шаарындагы өзбекстандык студенттер алынып келинет

Ухань шаарындагы өзбекстандык студенттер алынып келинет

27 Янв , 10:45 150

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кытайдын Ухань шаарындагы өзбекстандык 30 студентти алып кетүүгө убада берди. Уханьда жалпы 250 өзбекстандык студент бар. Алардын көпчүлүгү семестрдин аякташына байланыштуу мекенине кайтып келишкен. 

Эскерте кетсек, Кытайдагы коронавирустан 56 адам каза таап, бул илдет дүйнө жүзүндө 2 миңден ашык кишиге жукканы маалым болду. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилди.

Новости по дате