http://ktrk.kg/Коронавирус: өлкө аймагына кирген жарандарды тыкыр текшерүү жүрүүдө

Коронавирус: өлкө аймагына кирген жарандарды тыкыр текшерүү жүрүүдө

27 Янв , 17:58 264

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайдын Ухань шаарынан тараган коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу үчүн "Манас" эл аралык аба майданында күнү-түнү иштеп жаткан санитардык-карантиндик пункттун иши менен Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев таанышты. 

Ушундай эле пункт Ош эл аралык аэропортунда да уюштурулган. Эл аралык каттамдар менен келген ар бир жүргүнчү тепловизор аркылуу текшерилип, шек туудурган жагдайлар катталса дароо чара көрүү даярдыктары жүргүзүлдү. Учурда Кыргызстандын Кытай, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан менен чектешкен аймактарындагы чек ара өткөрмө пункттарынын бардыгында өлкө аймагына кирген жарандарды тыкыр текшерүү жүрүп жатат. 

Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев жарандарды ар кандай жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, өлкө аймагында вирус жуктуруп алгандар катталбагандыгын расмий түрдө билдирди.

Новости по дате