http://ktrk.kg/Коронавирус боюнча ыкчам байланыш кызматы ачылды

Коронавирус боюнча ыкчам байланыш кызматы ачылды

27 Янв , 16:10 458

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча ыкчам байланыш кызматын ачты. Министрликке караштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин 0312 32-30-55; 0312 32-32-02; 0550 03-36-07 телефон номерлерине байланышып дүйнө жүзүндөгү коронавирус оорусунун кырдаалы боюнча маалыматты, ошондой эле оорунун алдын алуу чаралары жана биринчи белгилери тууралуу биле аласыздар. 

Дене таптын көтөрүлүшү, жөтөлүү жана дем алуунун кыйындашы сыяктуу белгилер байкалган учурда тезинен "103" номерине байланышууну же дарыгерге кайрылууну Саламаттык сактоо министрлиги эскертет.

Новости по дате