http://ktrk.kg/Балдарга арналган өмүр. Кесипкөй инсан Кундуз Аманованын эмгеги бааланды

Балдарга арналган өмүр. Кесипкөй инсан Кундуз Аманованын эмгеги бааланды

28 Янв , 11:16 2168

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балдардын да, ата-энелердин да көңүлүнө төп келген "Баластан" каналы учурда балдардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга багытталган мыкты көрсөтүүлөрдү даярдоодо. Ошондой эле, коңшу мамлекеттердин мультфильмдерин да кыргыз тилине которот. 

Балдардын акылын курчутуп аң-сезимин өстүргөн мындай көрсөтүүлөрдү Коомдук телерадиокорпорациясынын "Баластан" каналынын кызматкерлери даярдайт. Алардын “Манас таануу”, “Баарын билгим келет”, Баластан шоу, “Таалимтай” сыяктуу ар бир программасы эң кызыктуу, пайдалуу жана таасирдүү болгондуктан, балдардын баары күтүп көрүшөт.

Келечек ээлери болгон балдардын кругозорун кеңейтип, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга, ой өрүшүн өстүрүп дүйнөгө болгон көз карашын туура калыптандырууга арналган көрсөтүүлөрдү даярдоо чоң эмгекти талап кылат. Андыктан бардык кызматкерлер талыкпай иштөөгө аракет кылышат.

Убактысын, күч-кубатын балдарга арноодон ырахат алган кесипкөй ишмердин КТРКда иштегенине 17 жыл болду. Ишмердүүлүгүн “Жаш толкун” редакциясынан баштаган. Ошондо эле “Кызык экен", “Салам, жаш талант” деген мыкты көрсөтүүлөрдү даярдап, балдарды сүйөөрүн далилдеген. Ишине берилген ишмердин кесипкөйлүгүн, эмгекчилдигин жана жаратмандыгын кесиптештери да терең баалайт

15 саатты толтурган “Баластан" каналынын кызматкерлери кыргыз радиосунун жыштыгынан чыккан "Балдар FM" радиосуна дагы 7 сааттык уктурууларды даярдашат. Радиодо "Момпосуй", "Тапкан тапалак" сыяктуу кызыктуу программалары бар. Учурда телеге да, радиого да балдар үчүн таалим-тарбиялык мааниси чоң программалар даярдалууда.

Балдар үчүн эмгектенүүдөн жадабаган кесипкөй адистин эмгеги бааланып, Кундуз Аманова жакында Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул сыйлык ишин илгерилетип, жандантууга көмөк болоорун айтат сыйлык ээси.




Новости по дате