http://ktrk.kg/Үрүмчүдөн келген студенттер текшерилүүдө

Үрүмчүдөн келген студенттер текшерилүүдө

28 Янв , 17:27 981

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанга Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келди. Бул туурасында Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйынында айтылды. Маалым болгондой, студенттер Синьцзян университетинде окушат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда бардык студенттер атайын изоляторлордо, аларга медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, ден соолугу канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жок. 

Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат. Ал эми тиешелүү министрлик Кытайда билим алган Кыргызстандык студенттердин тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.

Новости по дате