http://ktrk.kg/Коронавируска каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү

Коронавируска каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү

29 Янв , 9:59 905

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавируска байланыштуу вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын жетекчилиги алдында Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү.

Анда саламаттык сактоо министри бүгүнкү күнү коронавирус катталбаганын, өлкөдө   эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 28-январда эртең менен Кыргызстанга Кытайдын Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келген. Алар атайын чатырларда кармалып, медициналык көзөмөлдөн өтүп жатат.  

Жыйындын жүрүшүндө саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүнкү күнү коронавирус катталган учур жок экенин, республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен туруктуу байланышып турууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 28-январда Кытайдын Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келген. Алар Синьцзян университетинде окушат.

Учурда бардык студенттер атайын чатырларда кармалып, медициналык көзөмөлдөн өтүүдө. Аларда эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан эмес.  

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Новости по дате