http://ktrk.kg/КТРК делегациясы Кыргызстандын Россиядагы элчиси А.Джекшенкулов менен жолугушту

КТРК делегациясы Кыргызстандын Россиядагы элчиси А.Джекшенкулов менен жолугушту

31 Янв , 11:40 2864

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу жетектеген делегация Кыргызстандын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Джекшенкулов менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын Федералдык каналы - Биринчи канал (АО «Первый канал. Всемирная сеть»), Бүткүл россиялык мамлекеттик теле жана радио берүү компаниясы (ВГТРК) менен кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана КТРКнын Москвадагы корреспонденттик пункттунун ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө элчиликтин көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.   

КТРК делегациясынын курамы: РРТБ директору Бактияр Алиев, Москвадагы КТРКнын корреспонденттик пункттунун жетекчиси Мирбек Молдакунов, КТРКнын эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн башчысы Назик Чоноева.

Новости по дате