http://ktrk.kg/Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Түндүк” системасына кошулду

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Түндүк” системасына кошулду

31 Янв , 17:44 1405

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюму Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин “Түндүк” системасына кошулууга көмөк көрсөттү. Эл аралык уюм бул мекемеге көп тармактуу кубаттуу сервердик жабдуу тапшырды. Мындай жардам “Климаттын өзгөрүү шартында тоодогу токойлорду жана жер ресурстарын туруктуу башкаруу” долбоорунун алкагында Глобалдык экологиялык фонд тарабынан көрсөтүлдү. Агенттиктин адистери жаңы жабдуу өлкөнүн токой чарбасынын ишине кыйла жеңилдиктерди алып келет деген ишенимде. 

Эскерте кетсек, “Түндүк” системасына 60тан ашык мамлекеттик орган жана ондогон коммерциялык түзүм кошулган. Тутум министрликтерди, мекемелерди жана жеке компанияларды бириктирип, маалымат алмашуунун жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган.

"Биз жалпы кыргызстан боюнча маалымат чогултуу мекеме ишкана тез иштесин деп орноттук. Бул жакшы аны иш демилге болуп отурат. Мындан ары дагы оношктоштор менен иштешебиз деп ойлойм",- деди Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мирслав Аманкулов. 

Новости по дате