http://ktrk.kg/Кыргызстанда короновирустун белгилери жок!

Кыргызстанда короновирустун белгилери жок!

31 Янв , 23:13 1145

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда бардык чек ара өткөрүү пункттарында, “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда санитардык текшерүүлөр уланып жатат. Вирус жуктурган адамдардын өлкөнүн аймагына өтүп кетпеши үчүн тепловизор жана атайын бөлмө даярдалган.

Чек арада бир нече күндөн бери иш алып барып жаткан дарыгерлерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Алар коронавирусту жуктурган бир гана адам текшерилбей өлкөгө өтүп кетсе, калктын саламаттыгына доо кетээрин жакшы билишет.

Чек ара өткөрүү пунктунда текшерүүгө керектүү тиешелүү жабдуулар орнотулуп, тез жардам унаасы да даяр турат. Тепловизордо, кошумча текшерүү жүргүзгөн бөлмөдө, изолятордук жайда жана тез жардам унаасында бир нече дарыгерлер бар. Аларга чек арачылар көмөк көрсөтүүдө.

Башка өткөрүү жайлары сыяктуу эле өлкөгө миңдеген адамдар кирип жаткан “Манас” эл аралык аэропортунда да текшерүү кызуу жүрүүдө. Учак менен ар бир каттам келген сайын, атайын тазалоочу каражаттар пайдаланылат.

Кыргызстанга кирген адамдын документинде соңку 3 айда Кытайга барганы тууралуу белгиленсе, ага байланыштуу маалыматтар алынат. Текшерүүдө илдет табылбаса коё берилип, бирок жашап жаткан жеринде да көзөмөлгө алынат.

Соңку суткада учак менен Кытайдан 16 адам келген. Алардан оорунун белгилери табылган жок. Жакынкы күндөрү Бишкек - Үрүмчү каттамы жанданаары күтүлүүдө. Буга байланыштуу аэропортто текшерүү дагы күчөтүлөт. 





Новости по дате