http://ktrk.kg/Коронавирус: медициналык беткаптар өлкөдөн сырткары чыгарылбайт

Коронавирус: медициналык беткаптар өлкөдөн сырткары чыгарылбайт

31 Янв , 23:20 266

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Медициналык беткаптар өлкөдөн сырткары чыгарылбайт. Мындай чечим коронавируска каршы иш алып баруу боюнча өкмөттүн ыкчам штабынын жыйынында кабыл алынды. Учурда башка өлкөлөрдөн беткаптарды, дары-дармектерди алып келүү маселеси каралып жатат. Штабдын отурумунда, кырдаалдан пайдаланып медициналык каражаттардын баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөөрү эскертилди.

Атайын түзүлгөн өкмөттүн ыкчам штабы коронавируска каршы көрүлүп жаткан чараларды талкуулап, чек арадагы текшерүү иштеринин жүрүшү, Кытайдагы кыргызстандыктардын абалы, дары-дармектерге байланыштуу маселелер каралды. Айрым дарыканаларда медициналык беткаптар калбай калганы, бааларды кымбаттаткан учурлар катталып жатканы кабарланган. Өкмөт мындай көрүнүштөр көз жаздымда калбайт деп эскертүүдө. Кырдаалдан пайдаланып киреше табууну каалаган ишканаларга чара көрүлөт.

Штабдын жыйынында беткаптарды өлкөдөн сырткары экспорттоого тыюу салуу чечими кабыл алынды. Саламаттык сактоо министрлиги учурда дарыканаларда медициналык мындай каражаттардан 1 миллион 200 миң даана калганын билдирди. Ар бир кайрылган адамга жыйырмадан гана сатуу сунушталып жатат. Кыргызстанда коронавирусту жуктурган учур катталган жок. Бирок, кооптуу кырдаалга даяр болуу зарыл.

Адамдан коронавирустун алгачкы белгилери аныкталган Ухань шаарында алгач 15 кыргызстандык бар экени кабарланган. Тышкы иштер министрлиги алардын саны 18 экенин тактады. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мекендештерден оорунун белгилери байкалган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери болсо чек арада иштеп жаткан дарыгерлерге, чек арачыларга көмөк көрсөтүшөт. Бардык тиешелүү мекемелерге тыгыз байланышта болуп, бирге иш алып баруу тапшырылды. 





Новости по дате