http://ktrk.kg/Вирустун курмандыктары өсүүдө

Вирустун курмандыктары өсүүдө

2 Фев , 20:07 225

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ВИРУСТУН КУРМАНДЫКТАРЫ ӨСҮҮДӨ


Кытайда коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 14 380 кишиге жетти. Ошол эле маалда оорудан айыккандардын саны 200дү чамалайт. Бул маалыматты Кытайдын саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, вирус Кытайдан башка мамлекеттерге да тез тарап жатат. Соңку эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган. Соңку маалыттар боюнча Кытайдан сырткары 25 өлкөдө коронавирустун 100дөн көп учуру катталды. Алардын көбү Кытайдан келген адамдар же алар менен байланышта болгон кишилер.


Новости по дате