http://ktrk.kg/Бишкекке Ухандан 18 кыргыз студент алып келинди

Бишкекке Ухандан 18 кыргыз студент алып келинди

2 Фев , 20:13 289

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанга Кытайдын Ухань шаарынан 18 студент алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-февралда атайын борт менен Казакстандын Нур-Султан шаары аркылуу 18 кыргыз студенти Бишкекке алынып келинди. «Алардын баары аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өттү. 

Ушул тапта алар Бишкек шаарынын четиндеги ооруканага жаткырылды», - деп билдиришти министрликтен. Карантин мезгилинде Ухандан алынып келинген жарандар менен бир гана медицина кызматкерлери байланышта болуп турушат. «Кошумча маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынан алууга болот: 0312 66-06-63», - деп айтылат маалыматта.


Новости по дате