http://ktrk.kg/"Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

"Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

5 Фев , 11:09 186

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарындагы кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл өткөрүү жайында 100дөн ашык ар тармактын адистери Кытайдан келүүчү 32 айдоочуну тосуп алууга даяр турушат. Кытайдын Топо аймагынан бир жүк ташуучу унаа менен эки кыргыз жараны кирген. Алардан вирустун белгилери табылган жок. Ал эми унаада жүк жок. Чек арадан өткөн унааны биринчилерден болуп ветеринардык кызматтын адистери тосуп алышат. Келген унаа толук дезинфекциядан өткөрүлөт.



Коңшу өлкөдө коронавирус күч алаары менен кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт көзөмөл өткөрүү пункту жабылган. Бирок чектөөгө чейин өтүп кеткен 32 жүк ташуучу унаа айдоочусу менен коңшу өлкөнүн Топо аймагында калган. Учурда аларды Кыргызстанга кайтаруу иши жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө бир жүк ташуучу унаа менен эки кыргыз жараны келген. Алар тийиштүү бардык текшерүүдөн өтүп, азыр да көзөмөлдө турушат. Унаа жүгү жок келген.


Кытайдан келген эки жаран азыр атайын даярдалган бөлмөгө жаткырылган. Аларда илдеттин эч кандай белгилери байкалган эмес. Айдоочулар үч күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, үйлөрүнө жөнөтүлөт. Коңшу өлкөдөн чыккандарды тосуп алууга жергиликтүү бийлик толук шарттарды түзгөн. Тактап айтканда, Бажы мекемесинин жаңы салынган имаратында 100 адамга эсептелген жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу бөлүмү уюшулган. Ичи жылуу, ыңгайлуу шарттар каралган.


Көзөмөл өткөрүү жайында жалпы 100дөн ашык ар тармактын адистери коңшу өлкөдөн кайткан кыргыз жарандарына учурунда текшерүү жүргүзүп, жардам көрсөтүүгө даяр турушат.



Новости по дате