http://ktrk.kg/Кытай жергесинде калып калган 22 айдоочу Кыргызстанга өттү

Кытай жергесинде калып калган 22 айдоочу Кыргызстанга өттү

5 Фев , 17:31 356

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы жабылганга чейин Кытайга кетип, калып калган Ош облусунун 22 тургуну "Эркештам" көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу Кыргызстанга өттү. Алар мобилдик үйлөрдөгү обочолонгон бөлмөлөрдө 3 күнгө чейин адистердин көзөмөлүндө болушат. Алар үчүн зарыл болгон шарттар жергиликтүү штаб тарабынан камсыздалган. 


Үч күнгө чейин, мобилдик шаарчаны туруктагандардын тамак-ашын камсыздоо жергиликтүү бийликке-Алай райондук акимчилигине жүктөлгөн. Жолдун ыраактыгын эске алуу менен 3 күндүк азык-түлүк алдын ала камсыздалган. Аталган бекет облустун борборунан 260 чакырым алыста жайгашкан.

Белгисиз вируска байланыштуу чек ара жабылгандан бери аталган көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу бир да жаран, же унаа өткөрүлгөн эмес. Бекет белгисиз мөөнөткө жабылган.




Новости по дате