http://ktrk.kg/Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги отуруму өттү

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги отуруму өттү

8 Фев , 21:37 349

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирустун алдын алуу, анын өлкө аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отуруму өттү. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, 2020-жылдын 8-февралына карата Кыргызстандын аймагында коронавирус менен ооругандар жок. 


Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө. Бул иштер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча жүргүзүлүүдө.


Министр жыйындын катышуучуларын изилдөөлөрдү өткөрүүгө Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалганын, ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөнүн билдирди. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат. Изилдөөлөр үчүн зарыл нерселердин баары бар.

Новости по дате